Видео Жаңылыктар

Видео. Тажиктер чек арадагы контейнерди алып кетишти

Чоң-Алайдагы такталбаган Кыргыз-Тажик чек арасындагы тажик тарап коюп алган контейнер алынды. Видео 6-июнь күнү кечинде социалдык тармактарда жарыяланды.

Буга чейин такталбаган жерге тажиктер контейнер орнотуп, оор аскердик техникаларын чек арага жакын жерге алып келишкен. Мындан улам чек арага жакын жайгашкан айылдын тургундары эвакуацияланган.

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев жерине учуп барып сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндөн кийин тажик тарап артка кайткан.

Видео:

Яндекс.Метрика