Видео Жаңылыктар

Видео. Тажиктер мылтык менен кыргыздар таш менен уруп

Кыргыз-Тажик чек арасындагы абал курч бойдон калууда. Чек арага жакын жашагандардын 90 пайызы Баткен шаарына көчүрүлүп кетти.

Учурда кыргыздар тажиктерди таш менен ургулап жатышат. Алар тараптан мылтыктын айтылган үндөрүн угууга болот.

Видео:

Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, алгач тажик жарандары эки өлкөнүн кесилишкен жеринен шагыл жүктөөгө аракет кылышса, кийинчерээк Головной суу алуучу жайына тажик чек арачылары көзөмөл камераларын орнотушкан. Буга нааразы болгон кыргыз тарап камераларды алып салууну талап кылып, ортодо эки тараптан 100-150 тургун чогулуп, чыр чыккан.

Тажикстандын чек ара кызматы «Головной» суу бөлүштүрүү жайына байланыштуу маалымат таратып, кыргыз бийлигин «жарандарын улут аралык араздашууга түртүүдө» деп айыптады. ​»Головной» суу бөлүштүрүүчү жайы Кыргызстандын калктуу аймактарынан алыс турат.

Тажик тарап камера орнотуу менен сууну бөлүштүрүү калыс болушун каалаган. Бирок кыргыз чек арачылары тоскоолдук жараткан. Кыргыз бийлиги жарандарын атайын улут аралык араздашууга түртүүдө. 1924-1927 жана 1989-жылдагы карта боюнча суу бөлүштүрүүчү жай Тажикстан Республикасынын аймагында турат.

Суу бөлүштүрүүчү жай 1968-жылы Тажикстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын райондорун сугат суу менен камсыздоо үчүн курулган», — деп жазылган маалыматта.

Бирок Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке караштуу Чек ара кызматынын басма сөз бөлүмү тажик тараптын социалдык медиада «кыргыз тарап чек арага атайын адамдарды алып барып, абалды козутуучу иш аракеттерди кылып жатат» деп таркатып жаткан маалыматтарды төгүндөдү. Мындай кабарлар кыргыз-тажик чек арасындагы чыныгы абалды чагылдырбай, бурмалап жатканы айтылат.

«28-апрелде «Головной» суу бөлүштүрүүчү тилкесиндеги жаңжалды Тажикстандын атуулдары баштады. Бул күнү Ак-Суу дарыясынын жээгиндеги Тажикстан менен мамлекеттик чек арадан 3-4 метр аралыкка тажик тарап шагыл түшүрүүгө аракет кылган. Кыргызстандын чек арачылары эки өлкөнүн айыл өкмөттөрү макулдашмайынча ишти токтото турууну талап кылышкан.

Бирок Тажикстандын атуулдары кыргыз чек арачыларынын талабына карабай ишти улантышкан. Кыргыз чек арачылары курал колдоно турушканын эскерткенде гана шагыл төгүүнү токтотушкан.

Яндекс.Метрика