Жаңылыктар

Видео. Тилекамт Күрөңов 1 айга камалды. Ал ачкачылык жарыялайт

Кармалган активист Тилекмат Куренов (Тилекмат Кудайберген уулу) Бишкектеги СИЗОго 1 айга камалды.Мындай чечимди бүгүн Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту кабыл алды.

Видео:

Эскерте кетсек, активист Тилекмат Күрөңов 15-мартта кармалган. Түн ичинде анын үйүндө тинтүү жүргүзүлгөн. Белгилүү болгондой, укук коргоо кызматкерлери активисттин Фейсбуктагы билдирүүлөрүнөн бийликти кулатуу чакырыктарын тапкан.

Ал Ак үйдүн жанында Конституциянын жаңы редакциясына каршы тынчтык митингинин уюштуруучуларынын жана модераторунун бири болгон. Ошондой эле кечээ митингдин дагы бир уюштуруучусу, саясатчы Жеңиш Молдокматовдун үйүндө тинтүү жүргөнү белгилүү болду.

Яндекс.Метрика