Видео Жаңылыктар

Видео. Токмокто бассейндин ичинде элдин көзүнчө жыныстык катнашка баргандар талкууда

Токмок шаарына жакын жайгашкан “Бурана” бассейнинде бир киши менен жаш кыз жыныстык катнашта болгонун black_list.kg инстаграм баракчасына күбө билдирген.

Ошол жакта эс алып жүргөн айым көргөн көзүнө ишенгиси келбеген окуя 8-август күнү чаламандын чак түшүндө болгонун айтат. Бул учурда жаш балдар да сууга түшүп эс алып жатышкан.

“Жашы 35-40тарга чамалаган эркек киши менен мас абалдагы жаш кыз элдин көзүнчө бассейндин ичинде жыныстык катнашка барышты. Жанында көптөгөн жаш балдар сууга түшүп жаткан, бул суу алардын оозуна кирет да. Муну көргөн курбуларым күзөтчүлөрдү чакырууга чуркап кетишкен.

Ал арада эс алуучу жайдын башкаруучусу келип кызды суудан чыгарып жатканда тиги киши өз ишин бүтүрүп алуу үчүн дагы 5 мүнөт берүүнү суранган.Негизи жыныстык мамилеге барган кыз курбусу экөө эле эртеден бери эс алып жатканын көргөнбүз. Кийин кечке маал эркектер келишкен, бул учурда кыз мас болуп калган. Кыздын мындай абалын көргөн зөөкүр учурдан пайдалангысы келди“, – деп ачууланат окуянын күбөсү.

Кийин окуянын катышуучуларына 100 доллар айып пул салышканын айтат. Ал эми ыплас ишке барган эркек адам курулуш компаниясында иштери, ошол күнү кесиптештери менен кесиптик майрамын белгилеп келгенин жазды.

“Көргөндөрдүн бары ызы-чууга түшүп апалар балдарына чуркап келишти. Ал эми жигиттер үчүн бул “жандуу уят кино” болду, алар каткырып көрүп жатышты. Күзөтчүлөр бассейндеги экөөнү суудан чыгарып алып кетишти.

Бирок экөөнү алып кеткени менен бассейнди ичи ошол акмачылык нерсе менен ыплас болуп калды да. Билгендер бул жакка түшпөй жатышты, бирок кийинчирээк келип окуядан кабары жоктор түшүштү да. Эмнеге Бурананын администрациясы “бул бассейн таза эмес” деп жаап койбойт” – деп эс алуучу жаран нааразылыгын билдирген.

Видео:

Яндекс.Метрика