Видео Спорт

Видео толугу менен. Орусиялык калыстар Жуманазарованын беттешине нааразы

Күрөш боюнча Россия курама командасынын машыктыруучулар штабы дүйнөлүк чемпионаттын жарым финалдык беттешинде россиялык Ханум Велиева менен Мээрим Жуманазарованын калыстарына нааразычылык билдиришмекчи.

Жарым финалдык беттеште 68 килограммга чейинки салмак ченинде кыргызстандык айым жеңишке жетип, финалга чыккан. «Биз протест жазабыз. Акылсыздык менен чектелген одоно ката кетти.

Таблодогу көрсөтмө боюнча Велиева финалга чыгышы керек болчу. Эстүү жана жоопкерчиликтүү адамдар калыстык кылуу менен тартылышы керек экенине дагы бир жолу көңүл бурууга негиз бар», — деп айтылат Россиянын күрөш федерациясынын билдирүүсүндө.

Видео толугу менен:

Мээрим Жуманазарова жарым финалда орусиялык Ханум Велиеваны 3:3 эсебинде жеңип алган. Муну менен Мээрим Жуманазарова Дүйнө чемпиондугунун финалына чыкса, Ханум Велиева коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды.

Яндекс.Метрика