Видео

Видео. Трактордун тонировкасы үчүн 20 миң сом айып жазылган

Социалдык тармактарда трактордун айнегин караңгылатып алганы үчүн айдоочуга 20 миң сом өлчөмүндөгү айып жазылганы талкууда. Видеону жүктөгөн адамдын айтуусунда күндөн сактануу үчүн жер айдаган трактордун айнектерин караңгылатып алганы үчүн ага МАИ кызматкери 20 миң сом айып жазган.

Окуя 22-июнда Ноокат районунда болгон. Айдоочунун айтуусунда ал 6 миң сом төлөп чыккан. «Бул мыйзамды кимдер жазган, мен бул тракторду айдап алып банкты тоноймбу? Же эмне 150 менен айдап бирөөдөн качып кетемби? Бул талаада ысыкта күндөн тосуу учун коюлган болгону» — деп нааразы болгон.

Андан кийинки видеодо автор МАИ кызматкери туура эмес айып жазганын, ал бул үчүн өзү жооп берип жатканын жана трактор үчүн мындай мыйзам жок экенин айтат.

Яндекс.Метрика