Билип ал Жаңылыктар

Видео. УКМК Бишкекте ири вебкам студиясын аныкташты

УКМКнын кызматкерлери Бишкекте 15 вебкам студиясынын тармагын уюштурган кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармашты. Бул тууралуу мамлекеттик комитеттин басма сөз борбору билдирди.

Белгиленгендей, бир студиянын ишинен гана мыйзамсыз бизнестин уюштуруучулары күнүнө 100 миң долларга чейин акча алышкан.

«3-августта апталык эмгек акыны бөлүштүрүү учурунда тергөө жана ыкчам иш-чаралардын алкагында кылмыштуу топтун негизги уюштуруучулары кармалган. Алардын жашаган жерлеринде жана студиялар үчүн ижарага алынган батирлерде тинтүү жүргүзүлгөндө, кызматкерлердин кызматына, компьютердик жабдууларга жана интернеттеги интимдик кызматтарды көрсөтүүгө керектүү нерселерге төлөнгөн 27 миң доллар алынган», — деп айтылат билдирүүдө.

УКМК акыркы жылдары республикада вебкам тармагы тездик менен күч алып, кирешеси жогору болуп, кыздарды өзүнө тартып жатканын байкады. Акыркысы шантаж жана коркутууларга туш болгон «жумуш берүүчүлөрдүн» барымтасына айланат.

«Муну көптөгөн кылмыштар далилдейт, анын ичинде суицид, зордуктоо жана мыйзамсыз өндүрүш менен алектенгендерге карата зомбулуктун башка түрлөрү», — деп билдирет министрлик.

Видео:

Кылмышкерлердин аракетинен жапа чеккендер же алардын кысымы астында жүргөндөр 0312660475 телефону боюнча УКМКга кайрылууну суранышат. Анонимдүүлүккө жана жардамга кепилдик берилет.

Яндекс.Метрика