Видео Дүйнөдө Спорт

Видео. Валентина Шевченко атаандашына мүмкүнчүлүк бербей жеңип алды

Бүгүн, 25-апрелде АКШнын Жексонвилл шаарындагы «VyStar Veterans Memorial Arena» спорттук аренасында UFC 261 турниринин алкагында Перу мамлекетинин атынан чыккан белгилүү кыргыз мушкери Валентина Шевченко бразилиялык Жессика Андрадеге каршы беттеш өткөрдү.

Шевченко 2 раунд бою Андрадеге эч кандай мүмкүнчүлүк берген жок. 7 жолу тэйкдаун жасап, күчтүү соккуларды жасап отуруп 2-раундда атаандашын техникалык нокаут менен жеңип алды.

Видео:

Биздин Инстаграм баракчабызга катталып акыркы окуяларды алгачкылардан болуп билип туруңуз.

Яндекс.Метрика