Видео Кызыктуу

Видео. Жапаров элди кантип алдап жатат же 90% калк үчүн электр энергиясына баа кымбаттайт

Учурда Кыргызстанда элге электр энергиясы 1 кВт саат үчүн 77 тыйындан бирдиктүү тариф менен берилүүдө. Эми сунушталган жаңы тарифтик саясат боюнча калк 3 категорияга бөлүнөт.

1. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн 1 кВт саат – 74 тыйын

2. Тоолуу аймактардын жашоочуларына 1 кВт саат – 1 сом 4 тыйын

3. Жашоо шарты жакшы үй-бүлөлөргө 1 кВт саат – 1 сом 48 тыйын

Кыш мезгилинде жашоо шарты жакшы үй-бүлөлөр 1000 кВт сааттан ашып кетсе, алар 2 сом 29 тыйындан төлөп калат. Калган эки категорияга мурунку 700 кВт саат чектөө алынат. Учурда 700 кВт/сааттан ашкандан кийин 2 сом 16 тыйын төлөшөт.

Маалыматка ылайык жаңы тарифтер ушул жылдын август айынан тарта ишке кириши мүмкүн.

Яндекс.Метрика