Видео Жаңылыктар

Видео. Жерүй алтын кенинин иштешине каршы пикирлер айтылууда. Таласта митинг болобу?

Президент Садыр Жапаров 17-мартта Таластагы «Жерүй» кениндеги алтын иштетүү фабриканын ачылышына бараары белгилүү болгондон бери социалдык тармактарга кендин иштешине каршы болгон жарандар пикирлерин жазышып, видеокайрылууларды таратышууда. Бир нече вотсап тайпалар ачылып, айрымдар элди митинг кылууга үндөшүүдө.

Видео:

Таластагы «Жерүй» алтын кени 1969-жылы чалгындалган. Бул кен алтындын өлчөмү боюнча Кыргызстанда Кумтөрдөн кийинки орунда турат. Геологиялык баштапкы иликтөөлөргө ылайык кенде 84 тонна алтын, 10 тоннадан ашуун күмүш бар экени кабарланган.

2015-жылы кен иштетүү укугу аукциондун негизинде 100 миллион долларга сатылган. Мындай укук орусиялык «Орус платинасы» компаниясына таандык «Восток геолдобыча» ишканасына тийген. Анын карамагында «Алтын альянс» ишканасы түзүлгөн. Ишкананын аталган кенди иштетүүгө укук берген лицензиясы 2035-жылга чейинки мөөнөткө берилген.

Яндекс.Метрика