Видео Жаңылыктар

Видео. Жерде чачылган акча. Таласта каржы пирамидасы текшерилди

Талас шаарында элден акча жыйнап пирамида сыяктуу ыкма менен иштеп жаткан компаниянын иши териштирилүүдө. Бул туурасында Талас облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Аталган уюм «Эл биримдиги» өнүктүрүү фонду деп аталып, элди жакырчылыктан чыгаруу максатын көздөй турганын, акча чогултуп кайра көбөйтүп берүүнү убадалаганы айтылды.

Ал арада социалдык тармактарда милиция кызматкерлери үч-төрт жаран менен биргеликте бир нече капка салынган жана жерде үйүлүп жаткан акчаны санап жаткан видео жарыяланды.

Талас облустук милициясы сотко чейинки өндүрүштүн алкагында фонддун кеңсесин тинтүү жана каражатты саноо жүргүзүлгөнүн билдирди.

«4-июнда чакыруу түшүп, ыкчам топ барганда Талас шаарынын автовокзалынын ичиндеги имаратта коомдук өнүктүрүү багытындагы фонд ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткандыгы аныкталган.

Анын өкүлү Талас районунун Таш-Арык айылынын 37 жаштагы тургуну Т. К. экени белгилүү болду. Ал өзүнүн наамына «Ашар касса» ЖЧКсын ачып, кийинчерээк «Эл биримдиги» өнүктүрүү фондуна өзгөртүлгөн. Аталган факт боюнча К. Т. ШИИБге алып келинип, түшүнүк кат жазган», — деп айтылат маалыматта.

Учурда текшерүү иштери жүрүп жатат.Ал эми кечээ, 7-июнда, өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Бакытбек Нарбеков акча салган жарандар менен жолуккан.

Алар фонддун ишине тоскоолдук кылбоону талап кылышкан. Ошондой эле акчасын кайтарып алуудан баш тартып, кийинчерээк үстөк пайызы менен алышарын айтышкан. Тургундар бул фонд элди жакырчылыктан чыгаруу үчүн иштеп жатат деп эсептейт.

Яндекс.Метрика