Видео Саясат

Видео. ЖКда Ташиев менен Кадырбеков кайым айтышты

ЖККУнун тынчтык күчтөрүнүн курамында кыргыз аскерлерин Казакстанга жөнөтүү маселеси боюнча 7-январда Жогорку Кеңеште кезексиз жыйын өттү.

Ал эми депутат Нуржигит Кадырбеков кыргыз аскерлеринин коопсуздугуна кепилдик жок болгондуктан, бул чечимди колдой албасын билдирди. Адамдын канына жооп бербей турганын айтты.

«Эгер кимдир бирөө өлсө, анын каны биздин абийирибизде болот, мен кан үчүн жооп бергенге даяр эмесмин» деди ал.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиев азыр пиар кылуу учуру эмес экенин билдирди.

«Мен ачык айтам. Бул маселени өзүбүз үчүн чечип жаткан жокпуз. Силер үчүн, мамлекет үчүн, коом үчүн», — деди ал.

Ташиевдин айтымында, эгер Казакстан бардык өткөрүү пункттарын жапса, эртең Кыргызстан азык-түлүксүз калып, баалар асмандап кетет.

Яндекс.Метрика