Видео Спорт

Видео. Жоламан Шаршенбеков күмүш медалга ээ болду

Бүгүн, 9-октябрь Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпиондугунда кыргыз балбаны Жоламан Шаршенбеков молдовалык спортчу Виктор Чобану менен кез келди. Ал Токио Олимпиадасында дал ушул балбанга жеңишти алдырып жиберген.

Биринчи бөлүктө Жоламан активдүү болуп 3 упай топтогонго жетишти. Экинчи бөлүктө Жоламан активдүү болбогон үчүн калыс аны ортого жактырды, бул учурда каршылашы ыкма жасап 4 упай алып кетти. Андан кийин Жоламан башы менен Виктор Чобануну сүзүп алганы үчүн калыстар дагы 2 упай беришти, челленж ташталып Викторго дагы бир упай беришти.

Өкүнүчтүү беттеш 9-3 эсебинде аяктап мекендешибиз жеңилүү ызасын тартып, күмүш медалга ээ болду. Бул дагы жаман эмес.

Эске салсак, Токиодо өткөн Жайкы Олимпиада оюндарында Жоламан Шаршенбеков менен Виктор Чобану чейрек финалда күч сынашкан. Ал беттеште кыргыз балбаны тилекке каршы, 9:0 эсебинде жеңилип калган. Беттештен соң Виктор Чобану жерде жаткан кыргыз балбанын жулкулдата кыйкырык салып, «мен уттум» дегендей кыр көрсөткөнү көпчүлүктүн эсинде калган.

Видео:

Яндекс.Метрика