Жаңылыктар

Викрам Ризахуновду тергөө иштери менен Казакстанга чакырып жатышат. Ал эмне деп жооп берди

Казакстандын Коррупцияга каршы кызматы музыкант Викрам Рузахуновду тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Алматыга чакырды. Бул тууралуу ал Instagram баракчасына жазды.

Викрам Рузахуновдун айтымында, алгач ал кескин түрдө баш тарткан — башынан өткөргөн кайгы жана коркуу эсинде болчу. Бирок адвокат менен болгон сүйлөшүүдө укук коргоо кызматкерлери Викрам Рузахуновдун камалган жерин, ал алып келинген имаратын, камактагы камераларын көрсөтүп, аны кыйноого алгандарды аныктоо тергөө үчүн маанилүү экенин түшүндүрүштү.

«Казакстан Республикасынын Коррупцияга каршы кызматы Алматыга менин катышуумда тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн чакыруу жөнөткөн. Башында мен кескин түрдө баш тарттым — башынан өткөргөн оору жана коркуу сезимдер кете элек.

Жактоочум Нурбек Токтакунов Казакстандын Коррупцияга каршы кызматынын тергөөчүсү бизге келсин деп сунуштады. Алар телефондон жооп берип жатып, тергөө үчүн мен өзүм камалган жерди, мени алып келген имаратты, мени кармаган камераларды көрсөтүп, мени кыйноого алган адамдарды аныкташым керек деп жооп беришти.

Бул мени ал жакка баруумдун зарыл экенин түшүндүм. Нурбек мени коштоп жүрүүгө макул болду, бирок менин тергөөгө жардам берүү үчүн келгенимди Казакстанда баары эле жакшы кабыл албашына тынчсызданды. Андан сырткары Казакстанда кайрадан баш аламандык башталса, жашообуз коркунучта болот. Ошондуктан, биз бир жагынан алып баруу өтүнүчү менен биздин бийликке кайрылсак, экинчи жагынан Коррупцияга каршы кызмат аркылуу казак бийлигинен коопсуздук кепилдиги сураганбыз.

Ошол эле учурда биз Казакстанга шектүүлөрдүн белгилүү чөйрөсү аныкталса гана барарыбызды белгилегенбиз. Болбосо казакстандык тергөөчүлөр өздөрү Кыргызстанга келип, бул жерден мени суракка алышы мүмкүн.»-деп жазган Рузахунов.

Яндекс.Метрика