Вирус күч алууда. 3 адам каза болуп, 306 жаңы учур
Коронавирус илдети акыркы күндөрү тездик менен жайылууда. Айрымдар экинчи толкундун башталганын айтышууда. Бүгүн, 11-октябрь дүйнө боюнча дагы вирус жуктургандардын рекорддук көрсөткүчү катталды.
Өлкөбүздө бир суткада коронавирус илдети 306 адамдан аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Бишкек — 53;
Ош — 54;
Чүй облусу – 20;
Ош облусу — 52;
Талас облусу – 2;
Нарын облусу – 9;
Ысык-Көл облусу – 12;
Жалал-Абад облусу – 63;
Баткен облусу — 41.
Жалпы: 49230.
Сутка ичинде 3 адам каза болду. Экөөсү Ош облусунан, бир адам Баткенден. Марттан бери каза тапкандардын саны 1085 адамга жетти.
Мындан тышкары бир суткада 22 медицина кызматкери жаңы вирусту жуктуруп алышты.