Дүйнөдө Жаңылыктар

Владимир Жириновский каза болгон маалымат тарады. Чынында кандай болгон?

Орусиянын Либералдык-демократиялык партиясынын лидери Владимир Жириновский Москвадагы клиникалардын биринде каза болгонун РИА Новости жазды. Анын каза болгонун сенатор Александр Пронюшкин тастыктады.

Mash телеграм каналы билдиргендей, саясатчы 25-мартта Москва убактысы боюнча саат 10:45те каза болгон. Ал мурунку күнү комада болгон. Ошол эле учурда ТАСС Мамлекеттик Думанын спикери Вячеслав Володинге шилтеме жасап, Жириновскийдин өлүмүн четке кагууда.

Кийинчерээк РИА Новости жазгандай, губернатор Дегтярев өзүнүн телеграм-каналында Жириновскийдин тирүү экенин тастыктады. ТАСС Орусиянын Саламаттыкты сактоо министрлигине шилтеме берүү менен билдиргендей, Жириновскийдин абалы туруктуу деп бааланууда, дарыгерлер бардык мүмкүн болгон медициналык жардам көрсөтүүнү улантышууда.

РБКнын маалыматына ылайык, ЛДПР лидеринин каза болгонун жарыялаган сенатор Александр Пронюшкин өзүнүн Telegram каналында билдирүү жарыялангандан көп өтпөй билдирүүнү өчүрүп, маалыматты четке какты.

«Мен өзүмдүн каналымда Владимир Вольфович Жириновский тууралуу такталбаган маалыматты жарыялаганым үчүн кечирим сурайм. Пост өчүрүлдү, басылмага тиешеси бар адамдар жоопкерчиликке тартылат», — деп айтылат жаңы билдирүүдө. Өз кезегинде Вячеслав Володин Жириновскийдин өлүмүн жарыялаган сенатор Александр Пронюшкинге кызматтан кетүүнү сунуштады.

Жириновский ооруу менен күрөшүн улантып жатканын Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин саясатчынын абалы тууралуу сөз кылып жатып билдирип, ал тирүү экенин айтты. Министрлер кабинетинин башчысы Жириновскийге чың ден соолук каалады. Буга карабастан айрым жалпыга маалымдоо каражаттары саясатчы каза болгонун жазышууда.

Яндекс.Метрика