Водолаз каймана ат менен таанымал кримтөбөл коронавирустан каза болду
Криминалдык дүйнөдө «Водолаз» каймана аты менен таанымал Максат Абакиров Балыкчы шаарында каза болду.


Маалыматка ылайык ал коронавирустан көз жумду. 16-октябрь күнү аны жерге беришет. Белгилей кетсек ал өзүн криминалдык дүйнөгө тиешем жок деп айтып келген. Бирок ИИМде ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган.