Видео

WhatsApp аркылуу «Кириешки» жеген окуучуну бети шишип кеткен маалымат таратылууда

Учурда WhatsApp тиркемеси аркылуу аудио билдирүү жана шишип кеткен баланын унаада отурган сүрөтү тарап жатат. Аудиодо ялдын үнү менен мындай деп айтылат:

«Кутмандуу кечиңиздер менен, урматтуу ата-энелер. Мен сиздерге биздин мектептеги баланын сүрөтүн жөнөттүм. Бүгүн 6-класстын окуучусу танаписте кириешки сатып алып жеп, он мүнөттөн кийин бул жерде өзүңөр көрүп тургандай баланын бети толугу менен шишип кетти.

Тез жардам алып кетти, алар алгачкы жардам көрсөтүп, кириешкиден Квинке шишиги келип чыккан деп диагноз коюшту. балдарыңыздарга кириешки алып бербеңиздер сураныч, балдарга сүрөттү көрсөтүп кириешки жегенге тыюу салыңыздар.»

Белгилей кетсек, мектептин номери жана окуя болгон жер айтылган эмес. Бирок тез жардам борборунун башкы дарыгери Искендер Шаяхметов акыркы үч күндө тез жардам линиясы аркылуу мындай чакыруу болбогонун билдирди.

«Мүмкүн алар жеке менчик клиникага барышы мүмкүн. Биздин педиатрияга чакыруу болгон жок»-деди ал.

Квинке шишиги деген эмне? Ангиоэдема — организмдин аллергенге ашыкча реакциясы. Оору теринин, тери астындагы майдын жана былжыр челдин массалык шишигинин пайда болушу менен мүнөздөлөт. Көбүнчө Квинкенин шишиги беттин, моюндун жана дененин үстүнкү бөлүгүндө, колдун жана буттун арткы бөлүгүндө пайда болот. Квинке шишиги менен балдардын болжол менен 2% жабыркайт.

Видео:

Яндекс.Метрика