Кызыктуу

WhatsAppта көпчүлүк күткөн жаңы функция ишке кирди

WhatsApp көптөн күткөн мүмкүнчүлүккө ээ болдуWhatsApp мессенжерине көпчүлүк күткөн жаңы функция киргизилип жатат. Бул келген үн каттарды тездетип угуу.

Учурда Android мобилдик түзмөктөрү үчүн WhatsApp мессенжеринин бета тестирлөө программасынын бардык катышуучулары үчүн жеткиликтүү болуп калды.

Бул функция көп сүйлөгөндү жакшы көргөндөр үчүн пайдалуу. Келген аудио билдирүүнү бир жарым эки эсе тездетип укса болот. Бул үчүн ар бир баарлашууда ылдамдыкты өзгөртүү үчүн атайын баскыч жеткиликтүү болот.

Бул функция учурда бета-тестирлөөдө иштеп жатат. Жөнөкөй колдонуучуларга жакын арада жеткиликтүү болот. Азырынча iOS колдонуучуларына мындай функция качан ишке кирээри белгисиз.

Буга чей WhatsAppтын жаңы келишимине макул болбосоңуз таптакыр өчүрүлө тургандыгы айтылган.

Яндекс.Метрика