Видео Жаңылыктар

«Ыйлаба жетим!» 2 жаштагы баланы сабаган аялга кылмыш иши козголду

Баланы сабаган аялга кылмыш иши козголду. Бул тууралуу 30-январда Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

27-январь күнү милицияга арыз менен Кадамжай районунун 1984-жылы туулган тургуну А.Б. кайрылган. Ал Кадамжай районунун Марказ айыл аймагынын тургуну Ш.М. аттуу жарандык аялы анын кызын сабап салганын айткан.

Бул факты ЖИИБге катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталып, анын алкагында балага карата соттук-медициналык жана соттук-психологиялык-психиатриялык экспертиза дайындалган.

2020-жылдын март айында арыз ээси Ш.М. менен жарандык никеде жашап баштаган. 2021-жылдын 13-мартында алар А.Х аттуу кыздуу болушкан. 2023-жылдын январь айынын башында жубайлар пикир келишпестиктерден улам чогуу жашоону токтотушкан. 5-январда бир аял кызды сабап жатканын видеого тартып, WhatsApp аркылуу күйөөсүнө жөнөткөн.

Текшерүүнүн жыйынтыгында Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пункту (“Балага же алсыз абалда же кылмышкерге материалдык же башка көз карандылыкта болгон адамга карата кыйноо) менен кылмыш иши козголгон.

Тергөө иштери уланууда. Эске салсак буга чейин социалдык тармактарда ымыркайды сабап жаткан аялдын видеосу тараган.

Яндекс.Метрика