Билип ал

Ыйык Орозо айы 2-апрелде башталат. Календарь

Быйыл жалпы мусулмандар үчүн ыйык Рамазан айынын башталышы 2-апрелге туш келип, 1-майда аяктайт. Ураза Хайит 2-майда болот. Кадыр түн 27-апрелден 28-апрелге караган түнгө туура келет.

Мындай биргелешкен чечимди үч өлкөнүн: Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстандын Мусулмандарынын Дин Башкармалары Нур-Султан шаарында өткөн дин башкармалыгынын президиумунун жыйынында кабыл алышты.

Ошондой эле жолугушууда Азирети муфтий бардык динчилдерди кайрымдуулук кылууга чакырды. Бул тууралуу Казакстандын муфтиятынын басма сөз кызматы билдирди. Кадыр тун Рамазан айынын 26нан 27не караган түнү болот. Эске салсак Орозо Айдын көрүнүшүнө жараша башталып 1-3 күнгө өзгөрүшү мүмкүн.

ООЗ БЕКИТYY ДУБАСЫ
Навайту ан асуума савма шахри рамазаана минал фажри илал магриби, халисан лиллаахи таъаала

МААНИСИ
Алла Тааланын ыразычылыгы үчүн таң аткандан күн батканга чейин Рамазан айынын орозосун кармоого ниет кылдым

ООЗ АЧУУ ДУБАСЫ
Аллоохумма лака сумту, ва бика ааманту, ва ъалайка таваккалту, ва ъалаа рызкика афтарту, факфирлии маа коддамту ва маа аххарту

МААНИСИ
Алла таалам, Өзүңө чындап ишендим, Өзүңө таяндым, Өзүң берген ырыскы менен ооз ачуудамын. Баштан аяк кетирген ката, күнөөлөрүмдү кечир.

Яндекс.Метрика