Жаңылыктар

Ырчы Иса Өмүркулов кафеде чогуу отурган кыздардын эсебин төлөөдөн баш тартып, чуу чыгарды

Ырчы Иса Өмүркулов кафедеги жаңжалдан улам Бишкектин Октябрь РИИБине жеткирилди. Бул тууралуу укук коргоо органдарынан билдиришти.

Алардын айтымында ырчы Иса Өмүркулов Бишкектин Октябрь районундагы кафелердин биринде жаш кыздар менен чогуу болуп, алардын дасторконуна акча төлөп берүүнү убада кылган. Кыздар кетип калышкандан кийин Өмүркулов өзүнүн дасторконунун эсебине гана төлөп, кыздардын жеп ичкенине төлөөдөн баш тарткан. Сумманын так эсеби белгисиз. Бирок аз эмес акча экенин айтылды.

Айрым маалыматтар боюнча, Өмүркулов эртең менен кафеге мас абалында келген. Кыздар кеткенден кийин кафенин кызматкерлери менен жаңжал чыгарган. Алар милиция чакырууга аргасыз болушкан. Учурда ал Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилди.

Яндекс.Метрика