Ыргытпаш керек. Жумуртканын кабыгынын пайдасы
Жумуртканын ичи канчалык пайдалуу болсо, кабыгы да андан кем калышпайт экен. Андыктан жумуртканын кабыгы жаратылыштын бизге тартуулаган баалуу белеги десек болот. Окумуштуулар анын организмге сиңимдүү идеалдуу кальций экенин дадилдешкен. Буга чейин сиз таштандыга ыргытып жүргөн жумуртканын кабыгынын кандай пайдалуу экенин билип алыңыз.

Кайсы ооруларда колдонулат?
– Кальций жетишсиздигинде
– Сөөктөргө, өзгөчө карыган адамдардын сөөктөрүнүн морттугунда
– Зат алмашуунун бузулуусунда
– Итий оорусунда
– Балдардын тишинин туура эмес өсүүсүндө жана бузулган тишке
– Омурткалардын кыйшаюусунда
– Суук тийүүдө
– Аллергияда
– Эриндеги учукка
– Аз кандуулукта
– Аялдардагы толгоо учурунда болгон алсыздыкта, жатындын булчуңдарынын боштугунда.
Курамы:
Жумуртканын кабыгынын курамынын 90 пайызы кальций карбонатынан турат. Ошондой эле организмге жетишпеген майда элементтерди да камтыйт. Алар жез, фтор, темир, марганец, молибден, фосфор, сера, цинк, кремний жана башкалар болуп баары 27 элемент. Анын химиялык курамы биздин тиш, сөөктөрүбүз менен толук дал келишет жана биздин баш мээбизди стимулдаштырууга жөндөмдүү.
Кантип даярдоо керек?

1. Жумуртканын кабыгын жууп, ак плёнкасын калтырабыз. Анткени анда көп пайдалуу заттар бар.
2. Андан кийин кабыгын сууга 5-10 мүнөт кайнатабыз. Бул бактерияларды өлтүрөт.
3. Сүлгүгө же табакка салып, күнгө кургатабыз.
4. Кофе майдалагыч, блендер же комбайнда колдон келишинче майда кылып майдалайбыз. Даяр болгон порошокту айнек идишке салып алабыз.
Ичүү өлчөмү
(жаш курактан көз каранды)
6 айдан 1 жашка чейинки балдар үчүн бир чымчым же бычактын учу менен
1 жаштан 2 жашка чейинкилерге андан эки эсе көп
7 жаштагы балдарга жарым чай кашык
14 жаштан жогорку чоң кишилерге күнүнө бир чай кашыктан аз эмес
Эсиңизге салабыз:
Онкологиялык оорусу барларга жумуртканын кабыгын колдонууга чечкиндүү түрдө тыюу салынат.
Дарылыкка тооктун жаңы гана жумурткасынын кабыгын колдонуу керек.
Жумуртканын кабыгын кургатып, караңгы жерде, бөлмө температурасында, оозу жакшы жабылган айнек идиште сакталат.
Тамакка чейин, тамактан кийин дебей, кайсы учурда болсо да ичсеңиз болот.