Жаңылыктар

Ысык-Көлдө үрөй учурган жол кырсыгынан 5 адам каза болуп, 10у жаракат алды

Бүгүн, 17-августта Ысык-Көл облусунун Тоң районунда болгон кырсыктын кесепетинен 5 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

«Бизге Mercedes-Benz Sprinter менен MAN жүк ташуучу унаасынын кагылышы тууралуу маалымат келип түштү. Кырсык Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 172-чакырымында болгон. Автобуста 15ке жакын адам болгон, алардын ичинен бешөө каза болгон (эки эркек жана үч аял). Он адам ар кандай жаракаттарды алышты», — деп айтылат билдирүүдө.


Каза болгондор менен жарадарлардын аты -жөнү такталууда. Куткаруу иштерине Балыкчы шаардык КБКдан 4 куткаруучу тартылган.

Белгилей кетсек, июнь айынын ортосунда президент Садыр Жапаров Ички иштер министрлигине жол кырсыктарын алдын алуу боюнча чаралардын комплексин күчөтүүнү тапшырган. Бирок, өлкөнүн жолдорунда кырсыктар, анын ичинде адам өлүмү азайбай жатат.

Ал эми 2021-жылдын 3-апрелинде министрлер кабинетинин башчысы Улукбек Марипов Жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн айып пулду азайтууну тапшырган.

Яндекс.Метрика