Жаңылыктар

Ысык-Көлдө баңги затын ташып бара жаткан жаран кармалды

Түп РИИБдин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкерлери Бишкек шаарына баңги заттарын чыгарып кетүүнү көздөп жаткан жаранды кармашты. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат райондук милициянын КБРне катталып, кылмыш-жаза кодексинин 282 (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында, шектүү жарандын өздүгү аныкталып, ал Балбай айылынын 32 жаштагы тургуну К.Б. болуп чыкты. Жакында, милиция кызматкерлери тарабынан аталган жаран такси менен Бишкек шаарына бара жаткан жеринен кармалып, өздүк кароо жүргүзүү учурунда, бир литрлик айнек банкасына салынган 72 даана тегерек формасында жана жапайы кендирдин жыты бар зат табылып алынган.

Алынган далил заты баңгизаттын кайсыл түрүнө кирерин аныктоо максатында соттук-химиялык экспертизасы дайындалды. Райондук соттун чечими менен, шектүү жаранга карата 2 айга камака алуу баш коргоо чарасы кабыл алынды. Учурда тергөө амалдары уланууда.

Яндекс.Метрика