Жаңылыктар

Ысык-Көлгө кумар оюндарына уруксат берилиш мүмкүн

Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин 6-апрелдеги жыйынында Ысык-Көл облусунун аймагына кумар оюндарына уруксат берүү боюнча мыйзам долбоору каралат.

Парламенттин расмий сайтындагы маалыматка ылайык, долбоорду талкуулоого Экономика жана финансы министринин орун басары, Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы, Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын жетекчиси чакырылган.

Документтин авторлору — Жогорку Кеңештин депутаттары Бактыбек Турусбеков менен Дастанбек Жумабеков.

Эки депутаттын демилгеси боюнча, «Тамчы» аэропортунун базасындагы 1200 гектар жерде бир нече мейманканасы менен казинонун курулушу болжолдонгон. Документке ылайык, кумар оюндары ошол аймакта гана ойнотулат жана ага Кыргызстандын жарандары киргизилбейт. Долбоор кабыл алынса бул мыйзам өлкөнүн башка аймактарында иштебейт. Авторлор Ысык-Көлдө кумар оюндарына уруксат берилсе жумушчу орундары түзүлүп, бюджетке киреше түшөт деп эсептешет.

Кыргызстанда кумар оюндарынын ишмердүүлүгүнө 2012-жылы, ал эми тотализатор менен букмекерлерге 2015-жылы тыюу салынган. Буга кумарканаларга акчасын уттурган жарандардын жакындарынын нааразылыгы себеп болгон. 

Яндекс.Метрика