Жаңылыктар

З эркек 1 кызды ала качкан окуя. Алардын жансыз денеси Аламүдүн районунан табылды

Эркек кишинин жана кыздын сөөгү Чүй облусунун Аламүдүн районунан табылды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн саат 14.30дар чамасында милиция кызматкерлерине Арашан жана Чокморов айылдарынын ортосунда унаа салонунан кыз менен эркек кишинин жансыз денелери табылды деген маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерден милиция кызматкерлери Honda Civic унаасын табышкан. Унаанын айдоочусу борбор калаанын Биринчи Май районунда кызды уурдаган деп шектелип, издөөдө жүргөн.

«Унаанын ичинен денесинде бычактан жаракат алган 26 жаштагы К.Анын жана 36 жаштагы Т.З.нын жансыз денелери табылган. Жергиликтүү койчу бул унааны ушул жерден 5- 6-апрелде көргөнүн, бирок баткакка илинип калган деп ойлоп, анчалык деле маани бербегендигин айтты. 7-апрелде ал унаанын жанына келип, унаанын ичиндеги сөөктөрдү көрүп, андан кийин дароо милицияга кабарлаган», — деп билдиришти башкармалыктан.

Алдын ала версия боюнча, Т.З., кыз менен урушуп, андан кийин аны муунтуп өлтүргөн. Андан кийин ал өз өмүрүнө кол салган.

Эске салсак буга чейин шаардын чок ортосунан 3 эркек кызды ала качып кетени тууралуу видео тараган.

Яндекс.Метрика