Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жубайы каза болду
Жарыяланды:
Дүйнөнү жүзүнө атагы чыккан кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун жубайы Мария Айтматова 79 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу коомдук ишмер Ассоль Молдокматова жазып чыкты.
Мария Урматовна 1942-жылы 13-июлда Чүй облусунда туулган. Ал коронавирус илдетинен каза болгону айтылууда.