Жаңы өкмөттүн курамы белгилүү болду. Министрлердин тизмеси
Бүгүн парламенттик көпчүлүктүн коалициясы Улукбек Мариповду премьер-министр кызматына бекитти. Кабинеттин түзүмү кыскартылганы көрсөтүлгөн. Тактап айтканда, вице-премьер-министрлердин экономикалык, социалдык маселелер жана энергетикалык блок боюнча орундары жоюлду.
Мариповдун жетекчилигиндеги өкмөттүн алдын-ала курамы төмөнкүдөй болот:

Биринчи вице-премьер-министр — Артем Новиков;
Коргоо министри — Таалайбек Өмүралиев;
Айыл чарба министри — Аскар Жаныбеков;
Энергетика министри — Кубанычбек Турдубаев;
Ички иштер министри — Улан Ниязбеков;
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башчысы — Бообек Ажикеев;
Юстиция министри — Асель Чынбаева;
Маданият, маалымат жана туризм министри — Кайрат Иманалиев;
Билим берүү жана илим министри — Алмазбек Бейшеналиев;
Экономика жана каржы министри — Улукбек Карымшаков;
Саламаттыкты сактоо министри — Алымкадыр Бейшеналиев;
УКМКнын төрагасы — Камчыбек Ташиев.
Президенттин алдындагы инвестицияларды тартуу жана коргоо агенттигин экс-депутат Алмамбет Шыкмаматов жетектейт.
Жогорку Кеңештин жаңы курамы жана түзүмү 3-февралда пленардык жыйында бекитилет.