Билип ал

Жаңы келишимге макул болбосоңуз WhatsApp иштебей калат

Өткөн жылдын аягында WhatsApp тиркемеси колдонуучуларды жаңы келишимди кабыл алууга чакырып, анда алардын маалыматтарын Фейсбукка жайылтуу пландары жөнүндө эскерткен.

Мессенджер буга чейин социалдык тармакка таандык болгонуна карабастан, анын жетекчилиги колдонуучунун маалыматтарынын сыртка чыгышы жөнүндө сүйлөшүүгө эч качан жол берген эмес. Албетте, бул коомчулукта терс реакцияны жаратып, WhatsApp адегенде жаңы эрежелерди киргизүүнү 2021-жылдын май айына калтырган.

Эксперттер бул убакытта мессенджер келишимди иштеп чыгып колдонуучуларга жөнөкөйлөтүлгөн сунуштарды берет деп күткөн. Бирок, андай болгон жок. WhatsApp колдонуучуларга эч кандай тандоо калтырган жок жана колдонуучу келишимин мурда баяндалган бардык жоболор менен кабыл алууга милдеттендирди. Башкача айтканда, сиздин маалыматтарыңызды Фейсбукка берүүгө макулдук берүү милдеттенмеси жоюлган жок.

Бул 15-майда ишке кирет. Эгер бул келишимге макулдугуңузду берсеңиз жогоруда айтылгандай сиздин маалыматтар Фейсбукка белгилүү болот. Эгер баш тартсаңыз бир катар олуттуу чектөөлөргө туш болосуз. Мессенджерге кирүү таптакыр бөгөттөлбөйт, бирок аны мурункудай колдонууга болбой калат.
Сизге болгону эскертмелерди жана чалууларды кабыл алуу, аккаунтту өчүрүп салуу гана мүмкүн болот. Бирок бул дагы убактылуу гана болот, андан кийин тиркемени колдонуу таптакыр мүмкүн болбой калат.

Колдонуучуга 15-майдан кийин 120 күн берилет, анын ичинде ал жаңы келишимди кабыл алып, андан кийин колдоно берсеңиз болот.

Адистердин айтымында WhatsApp сунуш кылган нерсе колдонуучуларды таптакыр сыйлабоо болуп саналат.
Алар түзмө-түз дилеммага дуушар кылышты: же сиз купуялыгыңызды сатууга макулдугуңузду бересиз, же көнүп калган кызматты колдонбойсуз. Бул таптакыр уятсыз жана адамгерчиликке жатпаган ыкма, ал колдонуучулардын кызыкчылыктарын эске албайт, бирок Фейсбуктун акча табуу муктаждыгын гана канааттандырат.

Дүйнө эли бул нерсени терс кабыл алып, көпчүлүк башка мессенджерлерди издөөдө. Мындан улам WhatsAppтын атаандашы болгон Telegramдын колдонуучулары көбөйүүдө.
Убагы келгенде сиз өзүңүз тууралуу маалыматтын жайылышына макулдугуңузду берип, көнүп калган WhatsApp менен колдоно бересиз же буга каршы болуп бул тиркемени колдонуудан баш тартасыз.

Яндекс.Метрика