Жаңылыктар

Жаңы курулуп жаткан «Ак үй» 16 гектар жерге алмашылган

Садыр Жапаров бүгүн, 15-апрелде президенттин администрациясынын Бишкек шаарындагы жаңы имаратынын курулушуна капсула салган.

Садыр Жапаров куруучуларга кайрылып, курулуш иштеринин сапаттуу жүргүзүлүшүнүн маанилүүлүгүн, бул имарат кылымдарды карытып, азыркыга эле эмес, кийинки муунга да кызмат кылышы керектигин белгилеген.

«Биздин коомчулукка жакшы иш жасасаӊ да, жаман иш жасасаӊ да жакпайсын. 😊Ошол үчүн мурдакылар эч нерсе жасабай эле жыргап олтура берейинчи деп тажаган сыяктуу? “Ысык-Көл” мейманканысынын ордуна салынып жаткан ак үйгө мамлекеттин бир тыйын акчасы кеткен жок.

Болгону Президенттин иш башкармалыгына караштуу 16 гектар жерге алмашып жатабыз. Биз жер бердик, алар имарат куруп берди. Бүттү. Ансыз деле мамлекетке караштуу жерлерди 30 жылда талап тоноп бүтүшүптүр.

Бул 16 гектар жер деле бир күнү жеке колдорго өтүп кетмек. Андан көрө мамлекеттин пайдасына бир имарат туруп калсын дедик. Эч кам санабаӊыздар. Ар бир жасаган ишибиз, кабыл алган чечимдерибиз жалпы элдин, мамлекеттин гана пайдасына болот.»-деп жазган Садыр Жапаров.

Яндекс.Метрика