Саясат

Жаңы мыйзам күчүнө кирди. Өлкөдөгү ар бир ката үчүн президент жооптуу болот

Президент Садыр Жапаров 5-майда жаңы Конституцияга кол койду. Ала-Арча резиденциясында Баш мыйзамга кол коюу жана Конституция күнүнө карата уюштурулган иш-чарада мамлекет башчы элге кайрылуу жасады.

«Конституция күнүндө президент жаңы конституцияга кол коет. Конституция расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Өкмөт отставкага кетет. Бул конституция президенттин өзүнө чоң көйгөйлөрдү жаратат. Өкмөттүн баардык катачылыгы үчүн биз президентти күнөөлөйбүз. Курулуп бүтө элек мектеп же жол үчүн президент жооп берет.» — деп жазган депутат Дастан Бекешов.

Кыргызстандын эгемен тарыхындагы Конституциясын 1993-жылы 5-майда легендарлуу парламент кабыл алган. Андан бери бир канча жолу өзгөртүлүп, соңку референдум 2021-жылдын 11-апрелде өткөн.

Ага жалпы шайлоочулардын 36,66% катышып, алардын 79 пайыздан ашыгы Баш мыйзамдын жаңы долбоорун колдогон жана Кыргызстанда президенттик башкаруу болушун жактаган.

5-май календарда кызыл менен белгиленип, майрам күн болуп саналат.

Яндекс.Метрика