Жайында сууга түшкөндө адамда кандай өзгөрүү болот
Адамга жайында, өзгөчө июль айында сууга түшүү пайдалуу. Деңиз суусу гана эмес, дарыя, булак, шаркыратма, токой сууларынан кыя өтпөй, сууга жатканга, суу ичинде кыймылдаганга, сүзгөнгө аракет жасаңыздар. Анткени, сууда болуу адамдын жүрөк кан тамырларын, нерв системасын чыңдап, зат алмашууну жакшыртат, организмди чыңдайт. Суу адамга пайдалуу гана эмес, жагымдуу сезимдерди тартуулоочу касиетке ээ. Ошондуктан баардык адамдарга сууда эс алууну сунуштайбыз.

• Суу канчалык муздак болсо, ошончолук анын дарылык таасири зор болот. Бирок аз-аздан түшүп, денени көндүрүү зарыл.
• Сууга жетээр менен түшө калбай, 10 мүнөттөй көлөкө жерде туруп анан сууга кирүү абдан пайдалуу.
• Калчылдап баратсаңыз дароо суудан чыгып, сүлгү менен аарчынып, көнүгүүлөрдү жасаңыз.
• Бөйрөк, муун, жүрөк, суук тийип ооругандарга суу сунушталбайт.
• Эртең мененки тамактан кийин бир жарым, эки сааттан кийин сууга түшүү керек. Ачкарын ден соолугу чың адамдар гана сууга түшөт.
• Суу муздак, адамдын денесинин температурасы жогору болгондуктан организм кошумча жылуулукту бөлүп чыгара баштайт. Ошондуктан зат алмашуу процесси тездейт, организм көп энергия сарптайт. Толук адамдар арыктайм десе эң жакшы ыкма бул сууга түшүү.