Видео Жаңылыктар

Жалал-Абадда Садыр Жапаровго аргымак мингизишти. БШК текшерет

БШК президенттикке талапкерлердин жактоочуларына кайрымдуулук каражаттарын чегерүү эрежелери жөнүндө эскертти.

Жалал-Абад шаарында эл менен жолугуу учурунда колдоочулары Садыр Жапаровго аргымак белек кылышкан. БШКнын жумушчу тобу бул маалыматты текшерет.

Шайлоо комиссиясынын мүчөсү Гүлнара Джурабаева шайлоого байланыштуу бардык нерселер шайлоо фондунан гана өтүшү керектигин эске салды.

«Эгерде кайсы бир жаран өз талапкерин колдогусу келсе, анда ал шайлоо фондуна накталай түрдө гана барып, өзүнүн атынан каражат бере алат. Бул шайлоо фонддорун түзүүдө жана сарптоодо ачык-айкындуулукту камсыз кылууга мүмкүндүк берет.

Яндекс.Метрика