Видео Жаңылыктар

Жалдагы үрөй учурган мушташ боюнча сот чечими чыкты

Ленин райондук соту мушташ уюштурган эки жигитти күнөөлүү деп тапты. Жаныбек Бапышовду 10 жылга, ал эми Каныбек Сейитбековду 11 жылга эркинен ажыраткан. Чечим 27-августта чыккан.

2019-жылдын 28-август күнү таңкы саат 07:00 чамасында Бишкектин Жал кичи районунда үрөй учурган мушташ катталып, ал видео байкоого түшүп калган.

Ахунбаев менен Курчатов көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Ярмарка» дүкөнүнүн жанынан эки жаран катуу сабалып, ооруканага жаткырылган. Бул окуя боюнча шектүүлөр 1985-жылы туулган Жаныбек Бапышов жана 1999-жылы туулган Калысбек Сейитбеков аттуу жарандар кармалган.

Яндекс.Метрика