Жаңылыктар Кызыктуу

«Жалгыз сиз бааладыңыз». Тыныбекова Камчы Көлбаевге ыраазычылык билдирди

Спортчу Айсулуу Тыныбекова Камчыбек Көлбаевден кандай белек алганын айтып, ыраазычылык билдирди.

Ал өзүнүн инстаграм баракчасына төмөндөгүдөй билдирүү калтырган:

«Атын атаса — куту сүйүнөт» дейт кыргызда. Бүгүн мени колдоп келген Камчыбек Көлбаев агам тууралуу жазгым келди. Мага берген белегин ачыкка чыгарууну туура көрдүм. Чын дилден жардам катары сунушталган белек үчүн ыраазычылык билдирем!2017-жылы Парижде өткөн Дүйнө чемпионатынан ийгиликтүү кайтып келгенимде мага Toyota CHR маркасындагы жаңы авто унаасын белек кылган. Чынын айтсам ошол жылдары спорттук травма алып көңүлүм түшүп кыйналып жүргөн кезим эле. Бул ийгилигимди жалгыз сиз баалап кийинки бийиктиктерди багынтыгууга түрткү боло алдыныз, жаны авто унаалуу болуп көңүлүм көтөрүлүп алдыга койгон максаттарды ишке ашырууга куч кубат алдым. Колдоо учун дагы бир жолу рахмат айтам!

Яндекс.Метрика