Жаңылыктар

Жанар Акаев аялын катуу сабап салды. Ал милицияга арыз жазды

Депутат Жанар Акаев аялын сабап салды. Ал милицияга арыз жазган. Маалыматты Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгы тастыктады.

Башкармалыктан түшүндүрүлгөндөй, 8-январь күнү саат 13.30 чамасында Бишкек ШИИББинин «102» кызматына Турусбеков көчөсүндө жайгашкан үйдө үй-бүлөлүк зордук-зомбулук орун алган. Патрулдук милиция кызматынын экипажы окуя болгон жерге барганда жаран К.Ж. күйөөсү аны үйдө сабагандыгын айтып, жардам сурап кайрылган.

Андан кийин жаран К.Ж. Ленин райондук ички иштер башкармалыгына жолдошу, депутат Жанар Акаевге чара көрүү өтүнүчү менен жазуу жүзүндө арыз менен кайрылган. Анын айтымында, уруш учурунда күйөөсү уят сөздөрдү сүйлөп, анын мойнуна уруп, бутуна бир нече жолу тээп жиберген. Жаңжал учурунда арыз ээсинин тырмактары сынып, канап кеткен. Кылмыш-жаза кодексинин «Үй-бүлөлүк зомбулук» беренеси боюнча сотко чейинки процесстер башталгандыгы такталды.

Яндекс.Метрика