Саясат

Жанар Акаев: «Каатчылык учурда троллдорду иш менен камсыздап турганыбыз жакшы»

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев аны каралап жаткан фейктердин армиясы тууралуу билдирүү жазып, бир нече фейк аккаунттарды чыгарды. Ал каатчылык учурда жумушу жок жаштарга троллдук кесип берип, иш менен камсыз кылып тургандарды тамаша-какшык аралыштырып айта кетти.

«Бийлиги бар же байлыгы көп саясатчылар менен пикир келишпей калганда, бизди ушинтип каралаган фейктердин армиясы активдешет. Монтаж менен атайын чагымчылдык пост жазгандай алдашат элди. Каатчылык учурда ондогон троллдорду иш менен камсыздап турганыбыз деле жакшы бир чети:) Мындайларга көнүп деле калдык го:).» — деп жазга Акаев.

Яндекс.Метрика