Жаңылыктар

Жаныбек Жанызак каза болду

Журналист жана көп кырдуу адис Жаныбек Жанызак 69 жашында узакка созулган оорудан кийин 17-декабрда каза болду.

Бул тууралуу социалдык тармакка анын кызы Айпери Жанызакова жазды.

Жанызак 1990-жылдары жаңычыл, прогресске умтулган жазмакер, фотограф катары тааныла баштаган. Анын алгачкы китептери “Фото кыйынбы же оңойбу?”, “Фотографияны кантип үйрөнүш керек?” (котормо) деп аталат.

Эгемендиктин алгачкы жылдары жыныстык тарбияга багытталган кыргыз тилиндеги алгачкы «Каттама» аттуу гезитин чыгарган. Кезинде басма сөз эркиндигинин карлыгачтары атыккан «Асаба», «Агым» гезиттеринде иштеп, коомчулукка тез жетип, көп окула турган темаларда жазган. Компьютерге эң алгачкы болуп кыргыз шрифтин киргизген.

Акыркы күндөрү Жаныбек Жанызак залалдуу шишик менен ооруп жаткан эле. Ал 1951-жылы 15-ноябрда Таласта төрөлгөн.

Яндекс.Метрика