Жаңылыктар

Жапаров: «Ак үйдү оңдоого 450 миллион эмес 10 миллион кетет»

Лидер Садыр Жапаров Ак үйдү кайра калыбына келтирүүгө аз эле каражат сарпталаарын айтты.

«Ак үйдү оңдоо иштерине 450 миллион сом кетет экен деген маалымат туура эмес. Бул парламенттик шайлоого жумшалган каражат. Аны Ак үйдүн чыгымы экен деп адашып айтып жатышат. Аталган имаратты оңдоого көп каражат кетпейт. Кыдырып баарын көрүп чыккам, 10 млн. сомго жетпеген каражат кетет. Тапшырмаларды бердим. Жакын арада оңдоо иштери бүтөт.» — деди Садыр Жапаров

4-октябрдагы шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл 5-октябрь күнү башкы аянтка нааразчылык митингге чыгып арты төңкөрүш менен аяктаган. Түнү эл Ак үйгө кирип, өрттөп да кеткен.

Яндекс.Метрика