Саясат

Жапаров: Балама чалып 300 миң долларга чейин сунуштап жатышат

«Жакындарыма ар ким чалып акча сунуштап жатышат. Кыргызстанда буга чейин ар бир кызмат акча менен чечилип келген. Ар кызматтын өзүнүн баасы бар. Байлар 30 жылдан бери кызматтарды бөлүштүрүп келишкен.» — деди Садыр Жапаров Al Jazeera телеканалына берген маегинде.

«Ушундай системага көнүп калышкан да, мен кызматка келгениме 10 күн болбой жатып балама чалып кайсы бир кызмат үчүн 300 миң долларга чейин сунуштагандар болду. Баягылар кайра эле кызмат сатып алса болот деп ойлоп жатышат. Мындан ары андай болбойт, таза, ачык мамлекетке айланабыз!»

«Ишке 2 күн чыгып коррупциялык схемаларды таап чыктым. Бардыгы келип отуруп Ак үйгө, чиновниктерге такалат экен. Министрлер бизнесмендер менен биригип алышып өлкөбүздү тоношкон. Булардын баарын тазалап жатам, көрөсүңөр 2 айдын ичинде кандай жыйынтык болоорун. Буга көп деле убакыт кетпейт». — деди Садыр Жапаров.

Яндекс.Метрика