Жапаров менен Орусиянын алдыңкы кызматтагы бардык адамдары жолугушат
Толугу менен садыр жапаров
- Орозайым Нарматова: "Садыр Жапаров казино ачып" каралардан" карызын кутулабы?"
- "Оору күчөп кетсе карантин киргизебиз!" Садыр Жапаров кайрылуу жасады
- Садыр Жапаров социалдык тармактардан баш тарттыбы?
- Садыр Жапаров Бекешевди сокур деп айтканбы?
- Жапаров: "Жээнбеков өзү куруп алган башка бир дүйнөдө жашап келген"
Кыргызстандын жаңы президенти Садыр Жапаровдун Москвага алгачкы расмий иш сапарынын алдында Орусиянын беделдүү гезити «Коммерсантъ» макалас жарыялады.

Басылманын маалыматы боюнча, Садыр Жапаров постсоветтик саясий мейкиндик үчүн уникалдуу көрүнүш.
«Кылмыш иши козголуп, камалып чыккан адамдардын бийликке келүүсү сейрек эмес, КМШ өлкөлөрүндө мындай адамдан төртөө болсо анын үчөөсү Кыргызстанда. Мындан тышкары Украинанын мурдагы президенти Виктор Януковичти айтсак болот» — деп жазат Коммерсантъ.

Орусиянын бардык жогорку кызматтагы адамдары Жапаров мырза менен жолугушкулары келет. Президент, премьер-министр, Мамлекеттик Думанын спикери жана Федерация Кеңешинин спикерлери Садыр Жапаров менен жолугушат.
Жапаров 10-январда Президент болуп шайланган. Шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө ал саясий тутумду толугу менен өзгөртүп, парламенттик башкаруу формасын президенттикке өзгөртүүнү убада кылды. Бул маселе боюнча конституциялык референдумду апрель айында — жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын шайлоо менен бир күндө өткөрүү пландаштырылууда.