Жаңылыктар

Жапаровдун карындашы: «Садыр атам бул сынакка катышканымды билген эмес»

«Мисс Кыргызстан-2020» сынагынын жеңүүчүсү Лаззат Нуркожоева президенттикке талапкер Садыр Жапаров сулуулар сынагына катышып жаткандыгын билген эмес деп билдирди.

Эске салсак, декабрь айынын аягында Садыр Жапаровдун 20 жаштагы карындашы модель Лаззат Нуркожоева «Кыргызстан Мисс — 2020» болуп чыкканы белгилүү болгон. Ага BMW X5 үлгүсүндөгү унаа берилген.

«Садыр ата менин бул сынакка катышып жатканымды билген эмес. Сынакка кастинг сентябрь айында башталган. Баарына белгилүү болгондой Садыр ата ал учурда түрмөдө отурган, бул жөнүндө мен жеңгенден кийин гана билишти. Чынын айтканда, мен бул мелдеште жеңишке жетем деп ойлогон эмесмин. Азыр бардык туугандарым бул жеңишим менен сыймыктанышат, ал эми финал болгон күнү атам (Давлет Жапаров) жыйынтыкты күтпөй уктап калыптыр. Жада калса алар менден баш байгени алат деп күткөн эмес», — деди Лаззат Нуркожоева.

Яндекс.Метрика