Саясат

Жапыкеев Финполдон буюмдарын алып кетти. Ал Ысык-Көлгө прокурор болоору күтүлүүдө

Каржы полициясы жоюлуп, элди ашканада отуруп акырындап ойготкон, октябрдагы төңкөрүштүн башталышына себепчи болгон Сыймык Жапыкеев ишсиз калган эле. Такталбаган маалыматтарга караганда, Каржы полициясынын мурдагы башчысы Ысык-Көл облусунун прокурору кызматын алышы мүмкүн.

Сыймык Жапыкеев жакында эле өзүнүн иш бөлмөсүндөгү буюмдарын коробкага салып чыгып кеткен. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы булактар ​​билдирди. Маалыматтарга ылайык, жоюлган Финполдун мурунку башчысы Жапыкеев Ысык-Көл облусунун прокуратурасында кызмат ордун ээлей тургандыгы айтылууда.

Албетте Финполдон регионалдык прокуратурага барып иштөө Сыймык үчүн нары каратып көчүккө бир тепкендей эле болсо керек.. Октябрь төңкөрүшүнүн башында тургандар саясаттан акырындап четтеп жатканы сезилип жатат. Максат Мамытканов бир айдан бери ишсиз отурганын айтты, ошол эле жаштардан Токтогазиев, Сурабалдиева саясий арендан көрүнбөй кетишти. Жакында эле Таластын губернатору Бузурманкулов иштен алынып бүгүн анын ордуна «Биримдик» партиясынын мүчөсү Нарбеков келди. 5-октябрь күнү тамагы айрылганча сүйлөп, 12 саат митингдин модератору болгон Темирбек Асанбековго эмнеге жок дегенде акимдин орду берилбейт…

Яндекс.Метрика