Видео Жаңылыктар

Жапыкеев: «Пандемия учурунда иштегендердин баары жазаланат!»

Финполдун жетекчиси Сыймык Жапыкеев суракка чакырылып жаткан атка минерлер тууралуу айтып берди. «Биз суракка пандемия учурунда иштегендердин бардыгын чакырабыз. Эч кимге «секирик» болбойт, — деди Жапыкеев.

Мындан тышкары, ал тез жардам унааларын сатып алуу боюнча кылмыш иштери бар экендигин кошумчалады. Ал журналисттерден «сабырдуулукту» суранып, бардыгы «жаңы гана иликтене баштаганын» белгиледи.

Ошондой эле, Жапыкеев гуманитардык жардамдын берилиши текшерилерин айтты. «Канча келди, канча акча кетти» деп комментарий берди.

Яндекс.Метрика