Жаңылыктар

Жараат алган 30 жаштагы жигит каза болуп калды

Буга чейин Кыргыз-Тажик чек арасындагы окуядан октон жараат алып, ооруканада жаткан 1 адам каза болгону кабарланган. Маркум жаран үй-бүлөлүү 30 жашта болгон.

«Каза болгон жарандын үйү Көк-Таш айылында менин үйүмө жакын жайгашкан. Аны эрте менен уктап жаткан жеринен коңшу тарап үйүнөн кууп чыгып, тап көрсөтүшкөн экен. Мен көргөндө ал бир эле жерине эмес, бир нече дене бөлүгүнө ок тийгенин көргөмүн, абалы начар болчу.

Биз анын абалынын оор экенин көрүп, Орто-Боз деген жакка чейин алып бардык, андан ары аны «Тез жардам» кызматы ооруканага алып кеткен», — деди тургун.

Яндекс.Метрика