Жаңылыктар

Жашыруун видео. Лейлекте Садыр Жапаровго курч суроо берилди

Президент бүгүн иш сапары менен Баткен облусунда болду. Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги акыркы окуялардан жапа чеккен айылдарга барып, жергиликтүү тургундар менен жолугушууларды өткөрдү.

Лейлек районунун тургундары фото жана видео тартууга тыюу салынгандыгын айтышты. Өкмөттү колдогон каналдын журналисттерине гана тасма тартууга уруксат берилген, деп кошумчалашты алар.

«Негизинен, алар даярдалган суроолорду беришип, улгайган адамдардан ыраазычылык сөздөрү айтылды», — дешти Лейлектиктер.

Тургундар Кулунду айылында болгон жолугушууда видео тартып алышкан. «Садыр Нургожоевич, бүгүн Тажикстан эки тараптын акыркы жолугушуусунун протоколун жарыялады. 1924-1927-жылдардагы карталар эскерилет, анда Ворух анклав катары көрсөтүлбөйт. Эгер андай болсо, анда Лейлек району үчүн таптакыр пайдалуу эмес.

Бул чындыкпы? Кыргызстан протоколду качан чыгарат? Эмне үчүн мамлекеттик каналдарга гана тартууга уруксат берип жатасыз? Бардык жолдо кайтарган адамдар көп турат, Лейлектеги бардык күч структуралары келиптир. Мунун бардыгы чиновниктерди коргоо үчүн. Эмнеге алар Максатты, Арканы, Достукту мындай кайтарышпайт? » — деп сурады жергиликтүү тургун.

Видеодо президенттин Ворух жөнүндө сүйлөгөн жообунун бир бөлүгү гана бар.Белгилүү болгондой Лейлектиктердин айтымында, мындай суроодон кийин аткаминерлер аларды чагымчыл жана адепсиз деп аташкан.

Булак: 24.кг

Яндекс.Метрика