Жаңылыктар

Жазуучу Мар Байжиев каза болду

Белгилүү жазуучу, драматург Мар Байжиев 86 жашында бүгүн Бишкекте каза болду. Бул тууралуу жазуучунун небереси Дастан Twitter баракчасы аркылуу билдирди.

Мар Байжиев 1935-жылы 23-мартта Жалал-Абадда туулган. КМУнун филология факультетинин орус бөлүмүн (1960), Москвадагы жогорку сценарий жазуу курсун (1964) бүтүргөн.

«Кыргызфильм» киностудиясында хроника редактору, көркөм тасмалар боюнча улук редактор (1961-1962), маданият министрлигинде искусство иштери боюнча бөлүм башчынын орун басары жана редколлегияда башкы редактор (1964) Кыргызстандагы «Литературная газетанын» кабарчы (1971-1975).

1990-1995-жылдары — Жогорку Кеңештин депутаты. Драматургиялары Москванын, Ленинграддын театрларынын сахналарында ийгиликтуу коюлган, Россиянын, Латвиянын, Литванын, Эстониянын, Грузиянын, Азербайжандын, Украинанын, Молдованын, Өзбекстандын, Казакстандын жана башка өлкөлөрдүн театрларынын репертуарына кирген бир катар пьесаларды жараткан.

Алар Германиянын, Польшанын, Чехословакиянын, Румыниянын, Австриянын, Венгриянын, Финляндиянын, Швециянын, Канаданын, Коста-Риканын, Монголиянын сахналарында да коюлган. Анын сценарийи боюнча тасмалар тартылган. Эң белгилүүсү – Төлөмүш Океевдин “Ак илбирстин тукуму”.

Яндекс.Метрика