Саясат

Жеңиш Молдокматов: «Садыр Жапаровду сотко берем»

9-мартта Ак Үйдүн алдында Конституция добооруна каршы митинг өткөн. Анда митингдин уюштуруучусу Жеңиш Молдокматов Садыр Жапаровду сотко бере тургандыгын айткан.

Молдакматов 1-2 күндүн ичинде сотко кайрыла тургандыгын билдирди.

“Азыркы учурда документтер даярдалып жатат. Бул аптанын аягына чейин даяр болот. Бул боюнча маалымат каражаттарына кабарлайбыз. Президент Садыр Жапаров парламент менен биргеликте бийликти толугу менен узурпациялап, мыйзамсыз иштерди кылып жатышат. Мыйзамсыз нерселерди токтотуш үчүн буларды сотко бериш керек”, – деди ал.

Яндекс.Метрика