Окуялар

Жеңем айылына барып боюнда болуп келди. Байкем…

Менин көйгөйүм жеңем. Байкем былтыр үйлөнгөн бул 2-турмушу. Жеңемдин да турмушу болбой ажырашыптыр. Байкем экөө үйлөнгөндөн кийин 5 ай боюнда болбой жүрдү.

Анан байкем жумушуна кетет (бир ай үйдө, бир ай жумушта болот) ошол кезде жеңемди да айылына жибердик. Айылда 20күн жүрүп келип анан 10күн өткөндөн кийин боюмда бар экен десе аябай сүйүнүп жүрдүк, байкем жалгыз бала.

Ошентип күтүп жаттык, бирок биз ойлоп жүргөн мөөнөтүнөн 15-20 күн эрте төрөдү. Же кубанарыбызды же кайгырганыбызды билбей турабыз. Наристеде эмне күнөө дейт апам. Кандай бала, кимдин баласы болсо да байкеме айтпоону чечтик. Бирок жүрөгүн сыгыла берет экен.

Араңыздарда гинекологдар бар болсо кеңеш берип коюнуздарчы. Женем айылга кетерден мурда боюнда болушу мумкун эмес, себеби айылдан гинекологко барып дарыланып да жүргөн. Башында жеңемди күйөөдөн ажырашып жүргөндө ар ким менен көп жүргөн деп уксак да көңүл бурган эмес болчубуз. Өткөндү козгоп эмне кылабыз деп.

Эми апамдын жүрөк ооруусу ошол сөздөр болуп кыйналып турабыз. Мен өзүмчө турмушум бар, күйөөм аралашпа эмне кыласын дейт. Апама айтсам мейли деп унчукпай койсок ар кимден төрөп жүрө берсинчи дейт.

Өзүм да ойлонгонум ошол. 6 ай боюнда болбой журуп, анан айылда жүрүп келип боюнда болуп, анан да 15 күн эрте төрөп койду. Баланын салмагы жакшы, айына жетпей төрөлдү дешкен жок.Атам менен апам өмүр бою иштеп байкеме жакшы келечек түзүшкөн.

Жеңем байлыкка карап эле тийип алганын баары билишет. Бир жолу да байкемди жактырып караганын көргөн эмесмин. Дайыма урушуп турат. Байкем жок кезде кошуна туугандардын балдары менен 2 3 сааттап сүйлөшүп отурат, байкем жанына келсе кабагы ачылбай ооруп атам деп үйгө кирип кетип чыкпайт.

Байкем жанына кирсе качып чыгат. Мен байкемди сүйгөн жакшы жар келсе деп кыялданчумун. Андай тилегим таш капты. Чынын айтсам кээде байкеме да жиним келет. Аялга аябай жумшак ошон үчүн да баркы жокбу, ким билсин.

Яндекс.Метрика